
сулуу ( beautiful ) - jyrgalbek lyrics
ак куу дешет далай жандар көркүңдү
ай ким билет куулар сүзгөн көрөсүңбү
көрөр менен кыйын алгач сүрөттөш
көздөрүңдө күйүп турган өртүңдү
ажарыңа ашык болуп миң жүрөк
ал күн дешет а жүзүңдөн күн жүрөт
аккуу күндөн артык ай дейт кээ бирөө
а сен айдан сулуудурсуң ким билет
сыйкыр бардай арбап алып гүл өңү
сен сыяктуу айда күнда күлөбү
сулуу деген сендей болот чынында
сулуу болгон жүзү дагы жүрөгү
кең дүйнөнүн көкүрөгүн жаралап
кеттиң эрте ак булутту аралап
сезимдерге өчпөс жалын тутанткан
сендей жандар элде сейрек жаралат
аттиң мейли келбес күнгө аттанба
айландың не айтып бүткүс дастанга
сулуулуктун символусуң талашкыс
суктандырган нурдан артык ак таңда
ажарыңа ашык болуп миң жүрөк
ал күн дешет а жүзүңдөн күн жүрөт
аккуу күндөн артык ай дейт кээ бирөө
а сен айдан сулуудурсуң ким билет
Random Song Lyrics :
- ett solskensminne - ...och sedan drunknade vi lyrics
- sweet talk - indigo (indie) lyrics
- nowhere forever - sleep portrait lyrics
- eyes in the sky - lewis ke lyrics
- delete page 6 - dc the don lyrics
- dingle race freestyle - rksmelly lyrics
- hooligan - poésie zéro lyrics
- gamora - yung daco lyrics
- a tough decision - charade lyrics
- goldfish - drops of andromeda lyrics