
kirgiz jeri (kyrgyz land) - salamat sadikova lyrics
Loading...
ала*тоо ак калпагын кийген кезде
аскасы көк асманга тийген кезде
мен дагы жолго чыгам таңды тосо
кучактайм ой*кырларын нурга кошо
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
ысык*көл жердин көркү, кырлар кашы
адырлар көкүрөгү, токой чачы
дайралар кан тамыры, чоку таажы
седеби, топчулары, ар бир ташы
кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери
күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери
жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде
жарык нур жер жамалын өпкөн кезде
көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде
дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде
көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери
сезилет ата*энелик мээримдери
улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн
сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн
Random Song Lyrics :
- nigdy - proseko lyrics
- butes - arenna lyrics
- gloxi17 - m1kron lyrics
- sous l'eau - idée noire lyrics
- stai singur, trăiește singur! - ozone kajosa lyrics
- beg! - vana lyrics
- see different shit / stuck in my ways - imkudo lyrics
- the road - deathcave lyrics
- codeine (opium)* - ¥$, kanye west & ty dolla $ign lyrics
- sippin' yak - cloonee lyrics