lirik lagu баратам (i’m going) – 7gen
эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн
айырмасыз! күн ачыкбы, бүркөлгөнбү
аба-ырайыга карабай, ачык маанай
кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү? мм?
а мени күлдүргөн! достор менен терип жатканда
кычкыл даамдуу бүлдүркөндү
ата энебиз берген 30сомго жыргап, жайнап жүрчү элек
эсимде майрам күнү дукөндө!
эми, элестетсең сени
отур кеттик деп айткансып досун бирдемени
майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени
атбашыны көздөй айдагын эмнеге экени!
баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү
жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң
мейли! кудайым жол берсин деп
тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн
канттан өтүп токмок менен саламдашып
поезд менен жарашып, биз андан ал бизден
биз андан кайра ашып, ойдолоп чүйдөн чыгып
көз алдымда көрүнөт ортотокойдун башы!
[кайырма]
мына мына баратам, айылыма бишкек шаарынан
күтүп жаткан атам, апам, мен да силерди сагынам!
кубакыдан токтоп бир аз тамактанып
жол кыскарып тамашалап жатканыбыздан
анан кочкор жолунда билинбей уктап калып
ойгонуп сурай калсам,аз калды дейт нарынга!
тоордун кийин тоолорду аралап
долон деген дөө ийининде араба баратат
жолдо жайнайт ышкын карагат
сатып ал же барып бекер терип даамын тат!
куруттун түрүн айтпа тилин сынат андан көрө
кымызга жете элек экенбиз алчы 4 жүгөрү
жетеби? жетет! биринчи түгөнөбү
дедим бир чака карагат ышкынды артта көрүп!
кымызга жетип ичип көрүп салыштырып
эң эле бышканын тандап алып кеттик
үшинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып
аман эсен биздин айылыбызга жеттик!
[кайырма]
мына мына баратам, айылыма бишкек шаарынан
күтүп жаткан атам, апам, мен да силерди сагынам
lirik lagu lainnya :
- kumpulan lirik lagu art morera › lirik lagu tight rope – art morera
- kumpulan lirik lagu tina arena frederic volovitch › lirik lagu la riviera – tina arena, frédéric volovitch
- kumpulan lirik lagu mariah carey › lirik lagu honey (morales dub) – mariah carey
- kumpulan lirik lagu strike master › lirik lagu total disposal – strike master
- kumpulan lirik lagu aydn_412 › lirik lagu it’s been so long lyric prank but it’s a roblox version – aydn_412
- kumpulan lirik lagu sero el mero › lirik lagu im ghetto – sero el mero
- kumpulan lirik lagu the country side of harmonica sam › lirik lagu if that’s the way it’s gotta be – the country side of harmonica sam
- kumpulan lirik lagu matt vanzetti › lirik lagu ellis island – matt vanzetti
- kumpulan lirik lagu jo sarah › lirik lagu venha cá – jo sarah
- kumpulan lirik lagu cassette tapes › lirik lagu sugar rush – cassette tapes