lirik lagu саясат (politics) – begish
[текст песни “саясат”]
[1*й куплет]
кара оюң сени каптап алган
айткан сөзүн жалган
канча адам добуш берип
сага өз үмүтүн салган
кээбирлерин сатып алдың
тактыга отуруп калдың
аяп койчу ымыркайды
аябасаң дагы чалды
мен сени жаман көрүп
өз курсагымды ойлобойм
урмат үчүн, хайп үчүн эмес
мен оюнуң ойнобойм
болгону элдин пикирин
айтам салып обонго
кичинекей кыргызстандын
келечегин тонобо
[2*й куплет]
башың менен кара жерге кир
каргышы тийсин элдердин
арамга тойгон курсагын
жеп жатып жаттын эмгегин
өзүңдөн чыккан токуңду
өзүңө саттын кымбаттан
чет жактан келген сомуңду
чөнтөккө каттын бир паста
ызы чуу болгон чек араң
кысылып турат эл араң
жардамын берген тешиктен
желбиреп өтөт жел араң
көрүнбөгөн илдет жоо менен
доктурлар араң күрөштү
бийлики бар адамдарын
кыйратып экрандан сүйлөштү
[припев]
жол салсаң да жейсин
үй салсаң да жейсин
көп салсаң да жейсин
аз салсаң да жейсин
жер сатсаң да жейсин
газ сатсаң да жейсин
алтындарым дейсиң
алтындарым дейсиң
[3*й куплет]
бет кабыл жок дарыгерлер
ооруу жугузуп жүдөштү
айлыктары 500 жүз сомго
көбөйүптүр деп түнөштү
чет жакта калды жарандар
мекенин жапты эшигин
вокзалда жатты араңдап
кирерге таппай тешигин
сен менен анын ою жок
чөп жеген анын кою ток
боорукер эмес акылы
жаш бала анын ою шок
видеого тартып тараткан
активисттердей жоксунбу
урсунчу сени жараткан
арамдарды жеп токсунбу
[припев]
жол салсаң да жейсин
үй салсаң да жейсин
көп салсаң да жейсин
аз салсаң да жейсин
жер сатсаң да жейсин
гас сатсаң да жейсин
алтындарым дейсиң
алтындарым дейсиң
[аутро]
араңарда барбы?
азаматтар алгыр
уурдалганды алып
казынага салгыр
качан тиет күнүң
же жай береби жамгыр
кууруп бүттү кыргыз
татаал экен тагдыр
lirik lagu lainnya :
- kumpulan lirik lagu 2ara › lirik lagu an alle – 2ara
- kumpulan lirik lagu lilkrosh › lirik lagu миллион смешинок (million smeshinok) – lilkrosh
- kumpulan lirik lagu top floor › lirik lagu same cloth – top floor
- kumpulan lirik lagu thanks for coming › lirik lagu untitled ii – thanks for coming
- kumpulan lirik lagu snuper › lirik lagu vv (very very) – snuper
- kumpulan lirik lagu kim hall › lirik lagu goodbye just ain’t right – kim hall
- kumpulan lirik lagu johnny mathis › lirik lagu let me be the one/i won’t last a day without you – johnny mathis
- kumpulan lirik lagu h e › lirik lagu por que a vida é assim ? – h.e
- kumpulan lirik lagu absent › lirik lagu sterben – absent
- kumpulan lirik lagu castle the rapper › lirik lagu back on the beat – castle the rapper