lirik lagu бул дүйнө – мирбек атабеков (mirbek atabekov)
жарыкчылык өмүргө кимдер келип*кетпеген
жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген
тагдыр жолу * татаал жол, бирөөлөргө кепкенен
а бирөөгө азап менен арман*муңун чектеген (ай)
туңгуюкка кептеген
жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай
ал*кубатка келгиче ата*энени кыйнамай
эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай
жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай (эй)
кара жанды кыйнамай
бул дүйнөнүн байлыгын (эй) жалгыз ээлеп алчу бар
мансап үчүн эл*журтун да курмандыкка чалчу бар
адамзаттын ушулар (ай) убалына калчулар
арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар (ай)
акыр заман салчулар
максат менен чырмайлы, ызат*сыйга чулгайлы
өмүрлөрдүн чак түшү (эй) алтын жаштык турбайбы
каран калсын көр оокат, алды*аркасын ылгайлы
эл*журт болсо биз болорбуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы (эй)
эркин дүйнө турбайбы
өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп
гүл жайнаган бакчаңды да күлүк мезгил бүлдүрөт
жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк
тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет (эй)
бакыт канча ким билет
кырчын жаштын кадырын да кыярганда билерсиң
кызыл өңдүн кадырын да кубарганда билерсиң
бар байлыктын кадырын да чачылганда билерсиң
бак*таалайдын кадырын сен басынганда билерсиң (эй)
качырганда билерсиң
адал ниет, ак жүрөк алсыздарга шум дүйнө
жан дүйнөсү бош калгандай наадандарга кур дүйнө
кадырына жеткенде катасы жок нур дүйнө
биз өтсөк да калар жаркып дайым жап*жаш бул дүйнө (эй)
дайым сулуу бул дүйнө
жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай
мүнөт санап өмүрлөр (ай) өтүп жатат байма*бай
биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай
орду менен сүзөлү, оң*тетири айдабай (эй)
бактыбызды байлабай
бир берилген бул өмүрдү бүтпөчүдөй ойлойсуң
болбос ишти кор кылып (эй) оюнчуктай ойнойсуң
шумкар болуп сызасың (эй), жылан болуп сойлойсуң
миң*миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй)
миң жашасаң тойбойсуң
миң*миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй)
миң жашасаң тойбойсуң
lirik lagu lainnya :
- kumpulan lirik lagu ania szlagowska › lirik lagu wdż – ania szlagowska
- kumpulan lirik lagu rule 62 › lirik lagu i wish i was – rule 62
- kumpulan lirik lagu mental › lirik lagu boyfriend – mental
- kumpulan lirik lagu freetown collective blak gold › lirik lagu beyond the machine – freetown collective, blak gold
- kumpulan lirik lagu snorunt › lirik lagu %pos% – snorunt
- kumpulan lirik lagu georgio › lirik lagu crystal – georgio
- kumpulan lirik lagu nazaru4o vov1k › lirik lagu all in – nazaru4o , vov1k
- kumpulan lirik lagu suffocation › lirik lagu delusions of mortality – suffocation
- kumpulan lirik lagu lady london › lirik lagu intro – lady london
- kumpulan lirik lagu taloula › lirik lagu time is medecine – taloula