lirik lagu аппак сүйүү (white-white love) – юлия руцкая (yulia rutskaya)
[текст песни «аппак сүйүү»]
[1*куплет]
бабалардан калган сүйүү ыргагы
бул жашоонун көркү көңүл ачууда
өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай
сен туш болдуң, жаным, көңүл назына
сенсиз көрккө келбейт, жазгы тентек желдей
жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей
билчи, жаным, билчи, жан дүйнөмө кирчи
сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей
[көпүрө]
бир берилген шаттуу өмүрдө
кир кетпесин аруу көңүлгө
бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай
ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө
[2*куплет]
бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет
конок сымал коомай карап турсаң да
максаттардын сересине умтулуп, ай
ай жылдызга сермеп колду сунсаң да
назик көркү гүлдөй, керемети күндөй
чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин
өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден
майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү
[көпүрө]
чындык ошол жашоо шартында
эмне жетсин бийик арзууга
[кайрыма]
мен да сага аппак сүйүү берейин, ай
сен да мага аппак сүйүү тартуула
мен да сага аппак сүйүү берейин, ай
сен өзүңдү мага бүтүн тартуула
[аяктоо]
сен өзүңдү мага бүтүн тартуула
lirik lagu lainnya :
- kumpulan lirik lagu ajay stevens › lirik lagu best view – ajay stevens
- kumpulan lirik lagu computer programs › lirik lagu blow out – computer programs
- kumpulan lirik lagu zoda › lirik lagu polaroid – zoda
- kumpulan lirik lagu cxrpse › lirik lagu ¯\_(ツ)_/¯ (shrug) – cxrpse
- kumpulan lirik lagu will troy › lirik lagu mercy – will troy
- kumpulan lirik lagu nevma › lirik lagu θέλω να δω (thelo na do) – nevma
- kumpulan lirik lagu terrace martin robert glasper kamasi washington dinner party › lirik lagu insane – terrace martin, robert glasper, kamasi washington & dinner party
- kumpulan lirik lagu demons down › lirik lagu book of love – demons down
- kumpulan lirik lagu kafel › lirik lagu lej – kafel
- kumpulan lirik lagu wahsan › lirik lagu numada – wahsan