lirik lagu сени жактырам (i accept you) – tamga
[текст тамга & баястан “сени жактырам”]
[1* куплет: баястан]
жанымда болбосоң, жүрөгүмдө сен барсын
карагатай көздөрүңө берилип сагынып кусага батамын арбалып мен дайым
көз алдымда болбосоң, оюмда сен барсын
эгерде көрбөй калсам, сен жөндө ырлар жазам
кайда барсам, кайда жүрсөм сен деймин
кайда барсаң мен сени эңсеймин
таалайыма белек болуп келгенсин
кыялымда сени жанга бербеймин
жаз келет жашоомо жылмайсаң
күлкүн дем берет жыргасаң
колумду коркпой кармасаң
боломун жакын барынан
[бридж: тамга]
кыялдансам ээй
көз алдымда сеен
элесин эң назик сезимдер мага тартуулай
көңүлүм бөлүнүп өзүңө гана тартыла
жүзүң көрсөм мммм
жүрөгүм толкуп мммм
тура албаймын, жанып жайдары көздөрүм
бара албаймын, байланып менин сөздөрүм
[припев: тамга]
кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карай
сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай
башкасын карабадым жалгыз гана сени тандай
кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай
а бирок деги сен да мени, сен мени сен мени
сен да мени, сен мени сен мени
байкайсыңбы
[бридж: тамга]
кучагыңа меен
курчалсамбы, дее ейм
асылып мойнуна, кысылып койнуна, кармасам
жакшыда жаманда бир болуп, сени жандасам
сезесиңби сеен
сүйүү демин мендеги
неге мынча жактырамын, билалбадым
неге мынча жаным сага жалындады
[припев: тамга]
кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карай
сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай
башкасын карабадым жалгыз гана сени тандай
кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай
а бирок деги сен да мени, сен мени сен мени
сен да мени, сен мени сен мени
байкайсыңбы
[2*куплет: баястан]
эгерде жаным десең
сени менен жылдыздарды аралаймын
эгерде жаным десең
сени менен кыялдарды мен курамын
менин сүйүүм менин жарымымсың
күн нурундай менин жарыгымсың
жүрөгүмө сен так калтырып
шок жүрөктү сен багынтырдын
күндүзү күнүм болуп келесиңби
түнүмдо айым болуп бересиңби
өзүң болуп калдын мага керегимсин
сунамын аруу сүйүү сезесиңби
жаз келет жашоомо жылмайсан
күлкүн дем берет жыргасаң
колумду коркпой кармасаң
боломун жакын барынан
lirik lagu lainnya :
- kumpulan lirik lagu clif traven › lirik lagu glassman – clif traven
- kumpulan lirik lagu junglepussy › lirik lagu cream team – junglepussy
- kumpulan lirik lagu frej larsson › lirik lagu uzi bitch – frej larsson
- kumpulan lirik lagu manga › lirik lagu parti – manga
- kumpulan lirik lagu brian franka › lirik lagu confesiones que ya conoces – brian franka
- kumpulan lirik lagu joey zen › lirik lagu change the topic – joey zen
- kumpulan lirik lagu chase mercata › lirik lagu alladat (chase mercata remix) – chase mercata
- kumpulan lirik lagu haftbefehl › lirik lagu mein wort – haftbefehl
- kumpulan lirik lagu jay z › lirik lagu blueprint² – jay-z
- kumpulan lirik lagu xdipx › lirik lagu molly on me – xdipx